Салам! Кандайсыздар?
Көптөн бери сурагым, билгим, бөлүшкүм келип жүргөн нерсени айтайын 😁
Туугандарыбыздан бирөөлөр бар: күн алыс эле келип, тамактанып, курсактарын тойгузуп кете беришет. Анысы аз келгенсип, кээде жазат: " Тамак барбы? Эмне тамак кылдың же тамак калдыбы?"-деп, мен аларга милдеттүүдөн бетер. Чынында, жиним келет. Келгенде дагы тамак, чай бергенге убактым жок болсо, өзү эле холодильникти ачып, тияк-биякты карап, жеп, ичип кетишет. Негизи, жакын адамдар. Бирок, жакын болсо деле, ал кылгандары жакпайт. Жолдошум, кайынэнем үчүн унчукпайм. Болушунча маани бербөөгө аракет кылам. Өзүбүз негизи, кайынэнем менен бирге турабыз. Абдан жакшы киши, жакшы көрөм, сыйлайм (албетте, кээде талаш-тартыш, келишпестик болуп турат. Но, всё же лучше чем, многие другие свекровки).
Мисалы: 3 күндөн бери ошолор келип, биздикинен кечки тамактарын ичип-жеп кетип жатышат. Билбейм... Мен андай кыла алмак эмесмин.
Мындай нерсе менин жашоомдо элеби?... Же, сиздерде деле барбы? Бул көрүнүшкө сиздердин ойуңуздар кандай?
#кыргызча
Не знаю , бирок вам надо решать , ведь это не справедливо ,бир аз болсо дагы уят деген болуш керек да .Тамак жазаш деле оной нерсе эмес , кунундун жарымы эле ошого кетет ,келип унчукпай бироонун эмгегин жеп кеткен туура эмес .😮💨
Бөлүнүп жашамайынча ,мындай нерсе токтобойт ,ошол үчүн бөлүнүп жашаш керек
Ооба. Бирок, бөлүнүү тууралуу жолдошум менен келишип алганбыз 2024-жылы күзүндө деп. Себеби: бир кездерде уруш-талаш болуп, ошондо айткам: чыда десең 2 жыл максимум чыдайм, унчукпай, көңүл бурбай койо алам. Бирок, андан көп эмес - деп. Ошондо, сөз берген. Кеңешип, сүйлөшкөн соң, мен дагы азыр бөлүнүү тууралуу эч нерсе деп, ооз ачпай турам. Эгерде, сөзүнө турбай турган болсо анан, башкача сүйлөшөм деп...
Албетте, кайынэнемден бөлөк жашасак жакшы: кенен басып-туруп жүрөм. Бирок, азыркы учурга чейин мага канча жардам берип келе жатат. Буйурса, төрөсөм дагы ошол эле кайынэнем каралашат. Андыктан, мага кайынэнем жок оор дагы болуп калаарын түшүнөм.
Кыскасы, тоодон качсаң ойго, ойдон качсаң көргө дечү беле...(🤔) Ошондой эле болуп жатат.
@gulumukambetova9,
Умут бар экен да 😄
Болунуп жашаганга,
кичине эле чыдап коюнуз, эгер такыр болунбой жашайбыз десенер анда башка кеп
Главное акырында озунчо жашасанар чыдап койгула
Мамам жаш, сиз курактуу кезинде байкуш ошентип канча оозду айла жок тойгозот эле. Кадимкидей кухнябызды чычканга окшоп талап кетишет эле.
Бирок айласы кеткенде папама катуу эле айтты “Болду, өлгөнгө чейин гилейген кишилердин тамагынын азабын тартамбы? Өзүбүз үчүн жашап, жеп жүргөн күн келеби?” деп.
Кичине бой көтөрүп баштаганда гана, ошондой таламай азайып барып токтоду.
Ооба, ошол. Сабыр дагы эмес, таптакыр көңүл бурбаганга аракет кылып эле жүрүп калдым, акыркы убактарда.
Кийинкисинде үй-бүлөңөргө эле жетээрлик тамак кылып, алар келгиче ичип алгыла 😁
Адамдын көңүлүнө тийбей, жүрөгүн оорутпай, өзү уялып, токтоп калгандай кылып кантип түшүндүрүп койсо болот, ошо?🤔