Мамлайф
Мамлайф
Приложение для мам
Secret
Secret
Мама троих детей, ждёт четвёртого

Проблемы в семье

Салам! Кандайсыздар?

Көптөн бери сурагым, билгим, бөлүшкүм келип жүргөн нерсени айтайын 😁

Туугандарыбыздан бирөөлөр бар: күн алыс эле келип, тамактанып, курсактарын тойгузуп кете беришет. Анысы аз келгенсип, кээде жазат: " Тамак барбы? Эмне тамак кылдың же тамак калдыбы?"-деп, мен аларга милдеттүүдөн бетер. Чынында, жиним келет. Келгенде дагы тамак, чай бергенге убактым жок болсо, өзү эле холодильникти ачып, тияк-биякты карап, жеп, ичип кетишет. Негизи, жакын адамдар. Бирок, жакын болсо деле, ал кылгандары жакпайт. Жолдошум, кайынэнем үчүн унчукпайм. Болушунча маани бербөөгө аракет кылам. Өзүбүз негизи, кайынэнем менен бирге турабыз. Абдан жакшы киши, жакшы көрөм, сыйлайм (албетте, кээде талаш-тартыш, келишпестик болуп турат. Но, всё же лучше чем, многие другие свекровки).

Мисалы: 3 күндөн бери ошолор келип, биздикинен кечки тамактарын ичип-жеп кетип жатышат. Билбейм... Мен андай кыла алмак эмесмин.

Мындай нерсе менин жашоомдо элеби?... Же, сиздерде деле барбы? Бул көрүнүшкө сиздердин ойуңуздар кандай?

#кыргызча

14

Комментарии

incognito9

Secret Мама троих детей, ждёт четвёртого

Адамдын көңүлүнө тийбей, жүрөгүн оорутпай, өзү уялып, токтоп калгандай кылып кантип түшүндүрүп койсо болот, ошо?🤔

Ответить

skvidi

🤍Мама дочки (1 год), беременна (29 нед.)

Не знаю , бирок вам надо решать , ведь это не справедливо ,бир аз болсо дагы уят деген болуш керек да .Тамак жазаш деле оной нерсе эмес , кунундун жарымы эле ошого кетет ,келип унчукпай бироонун эмгегин жеп кеткен туура эмес .😮‍💨

Ответить

incognito9

Secret Мама троих детей, ждёт четвёртого

@skvidi Вот и я об этом. Кантип эле уялышпайт, таң калам.

Ответить

skvidi

🤍Мама дочки (1 год), беременна (29 нед.)

Бөлүнүп жашамайынча ,мындай нерсе токтобойт ,ошол үчүн бөлүнүп жашаш керек

Ответить

incognito9

Secret Мама троих детей, ждёт четвёртого

Ооба. Бирок, бөлүнүү тууралуу жолдошум менен келишип алганбыз 2024-жылы күзүндө деп. Себеби: бир кездерде уруш-талаш болуп, ошондо айткам: чыда десең 2 жыл максимум чыдайм, унчукпай, көңүл бурбай койо алам. Бирок, андан көп эмес - деп. Ошондо, сөз берген. Кеңешип, сүйлөшкөн соң, мен дагы азыр бөлүнүү тууралуу эч нерсе деп, ооз ачпай турам. Эгерде, сөзүнө турбай турган болсо анан, башкача сүйлөшөм деп...

Албетте, кайынэнемден бөлөк жашасак жакшы: кенен басып-туруп жүрөм. Бирок, азыркы учурга чейин мага канча жардам берип келе жатат. Буйурса, төрөсөм дагы ошол эле кайынэнем каралашат. Андыктан, мага кайынэнем жок оор дагы болуп калаарын түшүнөм.

Кыскасы, тоодон качсаң ойго, ойдон качсаң көргө дечү беле...(🤔) Ошондой эле болуп жатат.

Ответить

mekadi

MekaМама троих детей

@gulumukambetova9,

Умут бар экен да 😄

Болунуп жашаганга,

кичине эле чыдап коюнуз, эгер такыр болунбой жашайбыз десенер анда башка кеп

Главное акырында озунчо жашасанар чыдап койгула

Ответить

incognito9

Secret Мама троих детей, ждёт четвёртого

@mekadi Сабыр 🧘

Ответить

yaemtebya

ЯемтебяМама сына (1 год)

Мамам жаш, сиз курактуу кезинде байкуш ошентип канча оозду айла жок тойгозот эле. Кадимкидей кухнябызды чычканга окшоп талап кетишет эле.

Бирок айласы кеткенде папама катуу эле айтты “Болду, өлгөнгө чейин гилейген кишилердин тамагынын азабын тартамбы? Өзүбүз үчүн жашап, жеп жүргөн күн келеби?” деп.

Кичине бой көтөрүп баштаганда гана, ошондой таламай азайып барып токтоду.

Ответить

incognito9

Secret Мама троих детей, ждёт четвёртого

Биз бөлүнсөк ошондой болуп калаар деп жүрөм. Билбейм, анан...

Ответить

mekadi

MekaМама троих детей

Кайын журт келеби ошондо ???

Эгер кайын журт болсо

Айла жок , сабыр ✊🏻

Ответить

incognito9

Secret Мама троих детей, ждёт четвёртого

Ооба, ошол. Сабыр дагы эмес, таптакыр көңүл бурбаганга аракет кылып эле жүрүп калдым, акыркы убактарда.

Ответить

mekadi

MekaМама троих детей

@gulumukambetova9, туура

Ответить

aikokushin

ЧинараМама двоих (1 год, 7 лет)

Кийинкисинде үй-бүлөңөргө эле жетээрлик тамак кылып, алар келгиче ичип алгыла 😁

Ответить

incognito9

Secret Мама троих детей, ждёт четвёртого

Сизге күлкүлүү көрүнүп жаткан болушу мүмкүн 🤭 Бирок, закон подлости ушул жерде да... Дал тамак даяр болуп калганда же даяр болгондо келип калышат, тооба. Тамагың миң аз болсо дагы баарына бирдей бөлүп, куйуп берүүгө туура келет.

Ответить

Кайненем менен баламдын ортосундагы маселелер кандай чечилет?

Салам кыздар 💐 силер менен Бир койгойлуу нерсемди болушойун Деп чечтим, Бир балам бар, бойумда бар , кундузу эч нерсеге жетишпейм, кайненем болсо бала уктаганда кыл дейт 😒 чарчайм куну кечке, тамак кылам , балам менен журом , кайненем такыр тушунбойт, куйоом дагы, экоо биригип алып мени жеп койушат , бири бирине болушуп , мен балам менен Анан дагы Уй жумуштары, анысы аз келгенсип туну дагы кыл дейт , туну ким уборка кылат ??? Кайнатам уйду чача берет , баш аягы жок кылып , 3 кайним бар , алар чечип эле ыргыта беришет , тажатып бутушту, кайненем ОЗУ 2чи куйоосу , биринчи куйоосунон эмнеге кеткени белгилуу , ОЗУ эч Бир куйоосун адам катары корбойт , озу дагы урушчаак, жаман тажадым😢😢😢

Кыздар ..мен азыр эле уктап турдум ,😁 тушумдо алтын цепочка таап алыптырмын анан аны сразу чонтогум салып алдым анан бир…

Кыздар ..мен азыр эле уктап турдум ,😁 тушумдо алтын цепочка таап алыптырмын анан аны сразу чонтогум салып алдым анан бир бомж коркуп калып ал меники деп менен талашып жатыптыр ,мен болсо мен таап алдым бас алтынбы же алтын эмес экенин текшертебиз деп жатыптырмын алтын болсо мен алам ,алтын эмес болсо сага берем десем эле таш которуп алып мени кубалап жатыптыр..мен кызым экообуз экенбиз. Руслан ( менин куйом )деп кыйкырып эле тиги бомждан качып жатыптырмын ... Туш жооруп бериниздер эми 🥹😅😅😅

Проблемы с письмом на кыргызском

Кыздар, кыргыз тилинде көп пост жазалы. мен Котормочу аркылуу жазуу кыйын болсо да. мен баарын түшүнүп турам, бирок, жазганын жакшы билбейм, ошентип, жөн гана ылайыктуу тил. мен уялып жатам эне тилин билбейм деп. Ошооол 😁😜