Мамлайф
Мамлайф
Приложение для мам
Мээрим
Мээрим
В ожидании первенца

Девочки лень было читать. Но так как просто сидела,решилась прочесть. Как вы думаете?я согласна....

Девочки лень было читать. Но так как просто сидела,решилась прочесть. Как вы думаете?я согласна....

Эс тарткандан баштап эле «аял жакшы – эр жакшы», «жакшы аял жаман эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылат» деген апамдын насааты менен чоңойдум. Менин курагымдагы же менден улуу, же кичүү баары эле ушундай тарбияда чоңойсо керек. Акыркы кездерде мен бул макалдарга кыжырым келе баштады. Эмнеден улам экенин азыр икаямдан улам түшүнөсүз. Жашоо шартка байланыштуу Түркияда жашап калдым. Акырындап түрктөрдүн жашоосуна аралаша баштадым. Ооба, бай-кедей, кыйынчылык деген Стамбулда деле, Африкада деле ошол. Бирок ар бир улуттун өзүнө жараша адаттары болот экен. Мисалы, мен ал жактан биздин аялдардай эмгектенген аял көрбөдүм. Боюнда бар, эми төрөйм деп жаткан аял базарда отурганын көрбөдүм. Өзүнөн чоң баштыктар менен товар ташыйм деп бели бекчейген келиндерди, бензин куюучу жайларда түн ичинде иштеген секелек кыздарды, пенсия курагындагы апалар дили, тили бөтөн жерге кетип кор болгонун көрбөдүм. Күндүз иштеп келип, кечинде каардуу кайнененин тилин таап, бала-чакасын багып, ортодо күйөөсүнөн чала-бучук таяк жеп, эртеси эс албай жумушка кеткен аял тууралуу айтсам, алар үчүн жомок.

Ал жакта аял акак таштай сыйланат экен. Мыйзамы да, эли да, эркеги да коргоп турушкан аялдарды көрдүм. Алардын көздөрү бактылуу, ишенимдүү. Көрдүм да, ичимден сыздым. Биздин элдин аялга кылган мамилеси да, макалы да, сөөгүнө сиңген түшүнүктөрү да туура эмес сезилди.

Сиз деле ойлоп көрсөңүз, эмнеге башка улут кызын «сен ханбийкесиң, сен дүйнө сулуусусуң» деп тарбияласа, биздин апалар таптакыр башкача тарбиялашат. «Кызым, тилиңди тишиңе кат, кокуй, ошентип жеңесиң, ошентип эл болосуң, күйөөнү деген алдаш керек, чыда, өлүп кетпейсиң» деген кептерге кулагыбыз бышкан. А аталарыбызчы, менимче, алар «кыз дегенди энеси тарбиялайт» деген түшүнүк менен өздөрүн суудан кургак чыгарып кетишет. Капа болгонум, атам замандан эле кыргыздар макалы менен, башкасы менен кыздарды эркектер үчүн кызмат кыла турган объект катары көрүп жүрүп сөөгүбүзгө сиңип калганы.

Ал жакта кабылган бир кызык окуя эсиме түштү. Сейил бакта жүргөн элек, бир түрк айым сөз баштап, мен жооп берип дегендей отуруп калдык.

– Сиз эмне иш кыласыз?- дедим мен.

– Эч нерсе, үйдөмүн.

– Аа, демек, үй иштери менен алек экенсиз да?

– Жок, үй иштеримди кызматчы кылат.

– Түшүндүм, кыздарыңыз менен алек болот экенсиз, ээ?..

– Кыздардын 2 бала багуучусу бар.

– Анда күйөөңүзгө көңүл буруп, жакшы карайт турбайсызбы?

– Эмнеге, күйөөм мага көңүл бурсун...

Эрксизден күлдүм. Биздики менен салыштырсаң, асман менен жердей. Балаңды тарбияла, акча да тап, кайын журтка да кызмат кыл, үй тиричилигиңди тың кыл, алыс-жакын туугандар менен катташ, күйөөң башкага кетип калбаш үчүн ага жагуунун жолун изде. Айтор, баарына жетиш!

Негедир «үй-бүлөнү алып кетиш аялдан» деп тыянак чыгарып алышкан. Ал тургай эркек балдарын таштап, башканын үстүнө кирип кетсе да биз анын аялын күнөөлөйбүз. Басып кеткен эркекти эмес, аны кармай албаган аялды... Күлкү келерлик нерсе эмеспи, ээ, замандаш.

«Мыкты аял экен, үй-бүлөсүн сактап калды» деп да көп угам. Мурун мен да ошондой аялдарды кыйын экен деп ойлочумун. Азыр мага алар байкуштай сезилет. Баарына көз жумуп, үй-бүлөнү сактап калдың, ошол эле учурда өзүңдү жоготкондурсуң, балким... Аны кандай күч менен сактап калганын бир өзү, бир Кудай билет. Мени ойлонткон нерсе, эмне үчүн биздин кыздар, келиндер, апалар өздөрүнө эркек ташый турган жүктү алып алышкан? Андан да жаманы, эмнеге биздин эркектер ошого макул болуп отуруп калышкан?

Билем, көп эркектер менин оюма каршы чыгат. «Тантыраган неме да, аз убакыт башка өлкөдө жүрсө эле кыйын болуп калат. Бул аялдын жүгү эмей эмне?!» дегендер четтен чыгат. Албетте, актанууга акыңар бар :)

Кыздар, келиндер, апалар, бүгүнкү күндүн жүгү оор. Кайышып, майышып көтөрүп келе жатасыңар. Айтарым, ошол жүктү жалгыз көтөргөнгө милдеттүү эмессиңер. Силер корголо турган, аярлана турган, аяй турган затсыңар! Тарбия муундан-муунга өтөт эмеспи, биз кыздарыбызга болгон тарбияны, талапты өзгөртүшүбүз керектир. Балким, биз ошондо аялы, баласы корголо турган коомго келербиз...

13

Комментарии

lovely.mom

МамаМама двоих (младенец)

Вот я тоже поражалась когда смотришь всякие передачи про беременность и роды они там мужей так гоняют и ночью дите тоскают хотя утром на работу вот это для наших очень дико😬а моя свекровь говорит так и надо😀

Ответить

manu777

Big momМама сына (2 года), беременна (39 нед.)

@lily777 легко сказать "менять мышление нашии женщинам",на деле не так просто, мы как "белые вороны" среди других женщин будем, хотя современные девушки,келинки уже на пути такого мышления, но отстают наши мужчины со своими кыргызбайским традиционным отношением к женам и к жизни, отсюда столько разводов. Зато в наших силах воспитать следующее поколение не "таким", наших сыновей и дочерей.

Ответить

rimashka90

Д.Мама сына-младенца

@tina336 @manu777 @love2mom @adrakaeva55 @aijamal_ka надо менять стиль мышления нашим женщинам. Ведь у нас женщина, которая зашивается на работе и дома, с детьми и придурком мужем, молодец-пчелка, мученица которой надо восхищаться и хвалить. Моя свекровь такими восхищается. Неважно что муж пил, бил, блядствовал, и теперь у женщины покалеченое здоровье, потухшие глаза и раздражение и злость доминируют над осталбными эмоциями, главное она выкормила себя, мужа, детей и сохранила семью. Вот ей флаг великомученицы и женщины рады гордо нести этот флаг

Ответить

tina336

Мама ПупусиМама сына-младенца

Этот менталитет 😑,застрилилабы и выбросила бы нафик

Ответить

tina336

Мама ПупусиМама сына-младенца

😞очень грустно стало , я иногда не понимаю зачем мы живем так, меня тоже бесит что всем кому то должны,прям выбешивает это слова надо уделять мужу время чтобы не загулял,а с фигали ??? Если он не уделяет...😤😡

Ответить

manu777

Big momМама сына (2 года), беременна (39 нед.)

У нас приевшийся менталитет,от которого нам не избавиться. Один в поле не воин. Мы должны не только девочек воспитывать, а сыновей тоже, чтобы в будущем помогал своей жене,что она не обязана всё делать. Если каждый начнёт так воспитывать своих сыновей, может общество и измениться...

Ответить

love2mom

DamМама двоих (младенец)

@adrakaeva55, да ленивые не то слово. Один раз было такое тоже заграницей молодая семья с КГ жена беременна и работает а муж дома сидит еще с таким характером. Когда они узнали что мы соотечественники они спросили у меня в открытую "У вас все мужчины такие?" И с таким унизительным тоном. Мне было действительно стыдно за наших.

Ответить

lovely.mom

МамаМама двоих (младенец)

Женщины всего Кыргызстана устраиваем митинг😀

Ответить

adrakaeva55

AiperishkaВ ожидании первенца

Блин, страшная правда. Я тоже когда разговаривала с иностранцами, они говорили, зачем они вам? Они у вас такие ленивые. Даже посуду за собой не помоют. Обидно, что нас не ценят

Ответить

nurgulbg

nМама сына-младенца

@aijamal_ka ну блин, бесит

Ответить

mamaadamona

MamaAdamonaМама сына-младенца

Меня ужасно бесят фразы, эркекти алдаш керек, чыдаш керек, и тому подобное. Он что маленький мальчик чтобы его алдап салдап.

Ответить

rimashka90

Д.Мама сына-младенца

Согласна. Так грустно стало.

Ответить

love2mom

DamМама двоих (младенец)

Полностью согласно с автором данной статьи.

У нас быть женщиной очень трудно.

Когда я рассказывала как у нас положенно в семье роль мужчины и женщины. Мои коллеги американцы спросили у меня. А нафига тогда вам нужны мужики?

Ответить