Мен апасы Мариям, Амирханды алпештеген,
Балдарымды мээрим тогуп багып келем.
Сыноосу го тагдырдын бизге берген,
Элим берген дем-куч менен женип кетем.
Осуп турат талаада чынар терек,
Жалбырагы суюлуп уча берет.
Оо, Жараткан, жардам берчи балдарыма,
Журоктору ооруп кундон кунго кыйнап келет.
Бул жашоо Кудайымдан бизге белек,
Эх,чиркин тируучулук бизге керек.
Жарыкчылык жашоого бир келебиз,
Наристелер келечекке умут берет.
Жашоодо ата-эне ыйлабасын,
Наристелер ооруп бизди кыйнабасын.
Жаш уй було турмушунан запкы корбой,
Бактылуу, суйуу менен тынч жашасын.
Учкан куш балалык кез таттуу кыял,
Зымырап отуп жатат кундор,айлар.
Эки балам журогунон ооруп келет,
Улуу элим бата берип,жардам кылсак.
Кудайым шыфаа берсе айыгат.
Оскон гул, чыккан кун да ыйык экен.
Балдарым учун умут менен жашап келем.
Оо, Жараткан, балдарымды оорутпачы,
Озундон жардам сурап, тилеп келем.
Журогум уйгу-туйгу букка толот,
Балдарымдын келечеги кандай болот?
Наристелер аман-эсен чонойсо деп,
Жараткандан кайра-кайра сурап келем.
Кайрымдуу,кайрымсыз да адам болот,
Башына сыноо келсе адам билет.
Жардам берип,дуба кылып,бата берген,
Элиме таазим этип башым ием.🙏🙏🙏
Мариям жана Амирханга сиздин жардамыныз керек. Эки наристенин жашоосуна кайдыгер карабайсыз деп терен ишенем.
Элсом 0559 20 09 10