Карап туруп жалган айтты көзумө,
Терикпедим таарынбадым сөзунө.
Териштирип,жаман айтып не кылам,
Айткан сөзу жагып турса озумө.
Өттү күндөр,айлар жылга айланды,
Жалган турмуш жан журөккө байланды.
Кунөө коюп башка адамга не кылам,
Журөк кургур тандап алды сайранды.
Кундөн кунгө айкалышты өмурлөр,
Жалганы жок жакындашты көнулдөр.
Жугөндөп мен токтотууга алым жок,
Өтүп жатты өмүрдөгү төгүндөр.
Ар мезгилдин болот го дейм аягы,
Өттү күндөр кышы, жазы баягы.
Кечеги кыялдын бири жок,
Койду ордуна өзү турмуш сабагы.
Ай жамынып атпаган түндөр калды,
Тескейде терилбеген гүлдөр калды.
Кадалып көңүлүмдө элес болуп,
Өзүңсүз өтүп жаткан күндөр калды.
Кадалып каректерге каректерим,
Дагы деле жолуккум келет менин.
Сайрандан кийинкисин ойлоп туруп, " Кой эми, мунуң болбойт сага"- дедим.