Вот что мне прислали по Вотсапу. не знаю как перевести. в общих чертах поняла , что про семью ...
и про взаимоотношения...
кто понимает кырг. может вам будет интересно почитать...
ҮЙЛӨНҮҮ САЯСЫНДАГЫ АЯЛДЫН БАКТЫСЫ.
💎Алла Тааланын жараткандарындагы сүннөтүн жүзөгө ашыруу үчүн турмушка чыгуу , аялдын бактысынын себептеринин бири болуп саналат.
☝Бул тууралуу Алла Таала Куранда мындай дейт:
«هُوَ الَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍ وَاحِدَةٍ وَجَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا لِيَسْكُنَ إِلَيْهَا»
*Мааниси: «Ал силерди бир жандан жаратып, байыр алуусу үчүн андан жубайын жаратты.» (Аърроф:189).* Бул аяттагы «сакан» (байыр алуу) сөзү , тафсир аалымдарынын айтуусу боюнча , кубанычтуулукту , ырахатты жана көңүл бейпилдигин түшүндүрөт.
💎Үй- бүлөлүк турмушта эр аялдын арасында өз ара укуктар , милдеттер жана эки тараптан тең талап кылынган адептер да бар. Ошолорду жүзөгө ашыруу менен үй- бүлөдө түбөлүктүү бактылуулук орнойт. Ансыз жашоо тозокко , азапка айланып калат.
💎Аялдын күйөөсүндөгү бир нече укук жана адептери бар. Алардан кээ бирине токтолуп өтөлү :
💎Күйөөсүнүн жумуштан же сапардан кайтып келгенде, аялына болгон мамилени жакшы баштоосу. Мисалы , салам берүү, жылмайуу , кол алышуу жана жумшак сөз менен кайрылуу;
💎Аялына кайрылганда жакшы сөз же жагымдуу ат менен чакырып кайрылуу. *Имам Бухарий риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз аялы Аиша энени кээде : Яа Аиш ! –деп чакыргандыгы айтылат. Албетте, мындай жылуу сөздөр аял затынын көңүлүн көтөрүп , курсант кылат;*
💎Аялы менен жагымдуу темада сөз куруу же аялынын сөзүн да кунт коюу менен угуу;
💎Аялынын көңүлүн көтөрүү жана эркелетүү;
💎Үй- бүлөлүк бактылуулукту арттыра турган иштердин дагы бири , аялына үй иштеринде жардам берүү ;
*Асвад аттуу сахаба бир күнү Аиша энебизден минтип сураптыр : Пайгамбар алейхис салам үй бүлөсү менен бирге болгон убакта эмне иш кылаар эле ? Анда Аиша энебиз : Пайгамбар үйүндө үй бүлөсүнүн кызматында болоор эле . Анан качан намаз убактысы келсе, намазга туруп кетчү.»- деп жооп берген экен.*
💎Аялга болгон жакшы мамилелердиин бири, аны менен кеңешүү. Анткени кеңеше туурган орундар көп . Мисалы :
💎Балдарды тарбиялоо , үйдөгү камсыздоо маселелери сыяктуу. Аял менен кеңешүү аялдын да ой пикирин урматтоо болуп эсептелет. Буга аял заты курсант болот;
💎Аялын өзү менен биргеликте зыяраттарга, майрамдарга кошо алып баруу жана жолдошторунун аялдары , туугандары менен тааныштыруу. Албетте бул нерседе сооптор бар жана коомчулуктагы байланыш өрчүп, эр аялга бирдей кубаныч алып келет;
💎Өз аялына сараңдык кылбай , жоомарт болуу. Анткени бул дагы үй бүлөнүн бекемдигине жана бактысына салым болот;
💎Аялы өз күйөөсүнө сулууланып жасангандай эле күйөөсү да өз аялына жагымдуу болууга аракет кылуусу керек.
📚БАКЫТ ЖОЛУ.
ссылка



@lya_lya, Перевожу: когда мужья приходят домой после работы или из дальней дороги, они должны здороватся с нами, должны улыбаться. должны обсуждать семейные дела с женами. это означает что им важен наши мнение, и это их уважение к нам. Мужья должны нас балывать, звать красивыми словами. там пример стоит как Пророк (с.а.в.с) звал свою жену Айшу(р.а) Яа Айша
Это надо мужчинам нашим дать по читать. тут про наши права. Как они должны к нам относиться. Меня мой муж ни разу не называл по имени 😳, всегда, даже при родственниках "Жан" называет.💑
@aichureka92 спасибо😃