Кемчилик жана кечирим...
Кичинекей кезим. Жумуштан
чарчап келген апам атамдын алдына куурулган
жумуртка менен бир аз күйүп кеткен печенье
койду.Атам апамдын жүзүнө карап карап коюп,
күйгөн печеньеден жеп жатты.Менин
сабактарымды сурап бир аз сүйлөштү.
Тамактанып болуп ордумдан тура баштаганымда
апам атамдан печеньени күйдүрүп койгону үчүн
кечирим сурады.
Ошондо атамдын айтканы: "Алтыным, мен күйгөн
печеньени жакшы көрөмүнгө"- деген сөз болду...
Уктаар алдында атамдын жанына барып : " Ата!
Сиз чын эле күйгөн печеньени жакшы
көрөсүзбү?" - деп сурадым.
Ошол кезде атам мени кучагына алып, айткан
бул сөздөрү эсимде түбөлүкө сакталып кала
турган болду; Сенин апан күндө жумушка барат,
үйгө чарчап келет, анын үстүнө аз гана күйгөн
печеньенин эч кандай зыяны жок.
Ошондой эле мен да баардык ишти кемчиликсиз
жасай албаймын.Кээде менда кемчилик кетирем.
Ошон учун кемчилик болсо бири-бирибизге
кечирим менен карап, көнүлүн алуубуз керек" -
деди.....