“Москвадан көчүп келгенибизге төрт ай болду…
Жашоо күндөн күнгө кымбаттап жатат. 30 миң сом айлыкка кантип жеткирсе болот?
Квартира ижарасы, тамак-аш, коммуналдык кызматтар, дары-дармек – баары кымбат. Тойлор токтобойт, иштебей коюу мүмкүн эмес, иштесең – балаңды ким карайт?
Үйлөр тынымсыз курулуп жатат, бирок жөнөкөй үй-бүлө үчүн аларга жетүү кыйын. Баалар өсүүдө, ипотеканын шарттары оор, ал эми ижарага төлөп жүрө берсең, топтоо мүмкүн эмес.
Силер кантип жашап жатасыңар?
Үй алуунун жолу барбы?
Оюңарды бөлүшкүлө, чындап билгим келет…”