Мамлайф
Мамлайф
Приложение для мам
Запись из каналаОбъявления и услуги
Аида Байгазиева
Аида Байгазиева
Мама четверых детей

Эко-самын жасоо: үйрөнүп, химиясыз жашоо! 1000 сомго үй-бүлөгө бизнес жана таза каражаттар

post image

Урматтуу айымдар!

Каалоочуларды химиясыз жана хлорсуз эко-самын жасоого үйрөтөм. Самын жасоонун жолдору оңой эле, бардык айымдардын колунан келе турган иш.

1. Сиз жана сиздин үй-бүлө химиясы жок, экологиялык таза компоненттерден турган самын колдонот.

2. Бул үй-бүлөлүк бизнес.

3. Колдун самыны фабрикадан чыккан самынга караганда баасы кымбат болот.

4. Кир жуучу айна, идиш жууй турган экологиялык таза каражат, кир самын жана атыр самын жасагынды үйрөнөсүз.

Ушунун бардыгын үйрөнүү болгону 1000 сом.

Менин тилегим ар бир үйдө бирден бизнес жана экологиялык таза каражаттар болсун!

Жазылыныз, орундар чектелүү, төмөнкү номерге WhatsApp 0704564542 катталыныз. Аты жөнүңүздү жазып, 1000 сом бирдик катары эле которуп коюңуз да группага кошулуңуз.

"Бир айымга бир бизнес"!

WhatsApp 0704564542

с уважением Аида!

Вот что мне прислали по Вотсапу. не знаю как перевести. в общих чертах поняла , что про семью ... и про…

Вот что мне прислали по Вотсапу. не знаю как перевести. в общих чертах поняла , что про семью ... и про взаимоотношения... кто понимает кырг. может вам будет интересно почитать... ҮЙЛӨНҮҮ САЯСЫНДАГЫ АЯЛДЫН БАКТЫСЫ. 💎Алла Тааланын жараткандарындагы сүннөтүн жүзөгө ашыруу үчүн турмушка чыгуу , аялдын бактысынын себептеринин бири болуп саналат. ☝Бул тууралуу Алла Таала Куранда мындай дейт: «هُوَ الَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍ وَاحِدَةٍ وَجَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا لِيَسْكُنَ إِلَيْهَا» *Мааниси: «Ал силерди бир жандан жаратып, байыр алуусу үчүн андан жубайын жаратты.» (Аърроф:189).* Бул аяттагы «сакан» (байыр алуу) сөзү , тафсир аалымдарынын айтуусу боюнча , кубанычтуулукту , ырахатты жана көңүл бейпилдигин түшүндүрөт. 💎Үй- бүлөлүк турмушта эр аялдын арасында өз ара укуктар , милдеттер жана эки тараптан тең талап кылынган адептер да бар. Ошолорду жүзөгө ашыруу менен үй- бүлөдө түбөлүктүү бактылуулук орнойт. Ансыз жашоо тозокко , азапка айланып калат. 💎Аялдын күйөөсүндөгү бир нече укук жана адептери бар. Алардан кээ бирине токтолуп өтөлү : 💎Күйөөсүнүн жумуштан же сапардан кайтып келгенде, аялына болгон мамилени жакшы баштоосу. Мисалы , салам берүү, жылмайуу , кол алышуу жана жумшак сөз менен кайрылуу; 💎Аялына кайрылганда жакшы сөз же жагымдуу ат менен чакырып кайрылуу. *Имам Бухарий риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз аялы Аиша энени кээде : Яа Аиш ! –деп чакыргандыгы айтылат. Албетте, мындай жылуу сөздөр аял затынын көңүлүн көтөрүп , курсант кылат;* 💎Аялы менен жагымдуу темада сөз куруу же аялынын сөзүн да кунт коюу менен угуу; 💎Аялынын көңүлүн көтөрүү жана эркелетүү; 💎Үй- бүлөлүк бактылуулукту арттыра турган иштердин дагы бири , аялына үй иштеринде жардам берүү ; *Асвад аттуу сахаба бир күнү Аиша энебизден минтип сураптыр : Пайгамбар алейхис салам үй бүлөсү менен бирге болгон убакта эмне иш кылаар эле ? Анда Аиша энебиз : Пайгамбар үйүндө үй бүлөсүнүн кызматында болоор эле . Анан качан намаз убактысы келсе, намазга туруп кетчү.»- деп жооп берген экен.* 💎Аялга болгон жакшы мамилелердиин бири, аны менен кеңешүү. Анткени кеңеше туурган орундар көп . Мисалы : 💎Балдарды тарбиялоо , үйдөгү камсыздоо маселелери сыяктуу. Аял менен кеңешүү аялдын да ой пикирин урматтоо болуп эсептелет. Буга аял заты курсант болот; 💎Аялын өзү менен биргеликте зыяраттарга, майрамдарга кошо алып баруу жана жолдошторунун аялдары , туугандары менен тааныштыруу. Албетте бул нерседе сооптор бар жана коомчулуктагы байланыш өрчүп, эр аялга бирдей кубаныч алып келет; 💎Өз аялына сараңдык кылбай , жоомарт болуу. Анткени бул дагы үй бүлөнүн бекемдигине жана бактысына салым болот; 💎Аялы өз күйөөсүнө сулууланып жасангандай эле күйөөсү да өз аялына жагымдуу болууга аракет кылуусу керек. 📚БАКЫТ ЖОЛУ. https://ok.ru/kmdb.moskva

Девочки лень было читать. Но так как просто сидела,решилась прочесть. Как вы думаете?я согласна....

Девочки лень было читать. Но так как просто сидела,решилась прочесть. Как вы думаете?я согласна.... Эс тарткандан баштап эле «аял жакшы – эр жакшы», «жакшы аял жаман эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылат» деген апамдын насааты менен чоңойдум. Менин курагымдагы же менден улуу, же кичүү баары эле ушундай тарбияда чоңойсо керек. Акыркы кездерде мен бул макалдарга кыжырым келе баштады. Эмнеден улам экенин азыр икаямдан улам түшүнөсүз. Жашоо шартка байланыштуу Түркияда жашап калдым. Акырындап түрктөрдүн жашоосуна аралаша баштадым. Ооба, бай-кедей, кыйынчылык деген Стамбулда деле, Африкада деле ошол. Бирок ар бир улуттун өзүнө жараша адаттары болот экен. Мисалы, мен ал жактан биздин аялдардай эмгектенген аял көрбөдүм. Боюнда бар, эми төрөйм деп жаткан аял базарда отурганын көрбөдүм. Өзүнөн чоң баштыктар менен товар ташыйм деп бели бекчейген келиндерди, бензин куюучу жайларда түн ичинде иштеген секелек кыздарды, пенсия курагындагы апалар дили, тили бөтөн жерге кетип кор болгонун көрбөдүм. Күндүз иштеп келип, кечинде каардуу кайнененин тилин таап, бала-чакасын багып, ортодо күйөөсүнөн чала-бучук таяк жеп, эртеси эс албай жумушка кеткен аял тууралуу айтсам, алар үчүн жомок. Ал жакта аял акак таштай сыйланат экен. Мыйзамы да, эли да, эркеги да коргоп турушкан аялдарды көрдүм. Алардын көздөрү бактылуу, ишенимдүү. Көрдүм да, ичимден сыздым. Биздин элдин аялга кылган мамилеси да, макалы да, сөөгүнө сиңген түшүнүктөрү да туура эмес сезилди. Сиз деле ойлоп көрсөңүз, эмнеге башка улут кызын «сен ханбийкесиң, сен дүйнө сулуусусуң» деп тарбияласа, биздин апалар таптакыр башкача тарбиялашат. «Кызым, тилиңди тишиңе кат, кокуй, ошентип жеңесиң, ошентип эл болосуң, күйөөнү деген алдаш керек, чыда, өлүп кетпейсиң» деген кептерге кулагыбыз бышкан. А аталарыбызчы, менимче, алар «кыз дегенди энеси тарбиялайт» деген түшүнүк менен өздөрүн суудан кургак чыгарып кетишет. Капа болгонум, атам замандан эле кыргыздар макалы менен, башкасы менен кыздарды эркектер үчүн кызмат кыла турган объект катары көрүп жүрүп сөөгүбүзгө сиңип калганы. Ал жакта кабылган бир кызык окуя эсиме түштү. Сейил бакта жүргөн элек, бир түрк айым сөз баштап, мен жооп берип дегендей отуруп калдык. – Сиз эмне иш кыласыз?- дедим мен. – Эч нерсе, үйдөмүн. – Аа, демек, үй иштери менен алек экенсиз да? – Жок, үй иштеримди кызматчы кылат. – Түшүндүм, кыздарыңыз менен алек болот экенсиз, ээ?.. – Кыздардын 2 бала багуучусу бар. – Анда күйөөңүзгө көңүл буруп, жакшы карайт турбайсызбы? – Эмнеге, күйөөм мага көңүл бурсун... Эрксизден күлдүм. Биздики менен салыштырсаң, асман менен жердей. Балаңды тарбияла, акча да тап, кайын журтка да кызмат кыл, үй тиричилигиңди тың кыл, алыс-жакын туугандар менен катташ, күйөөң башкага кетип калбаш үчүн ага жагуунун жолун изде. Айтор, баарына жетиш! Негедир «үй-бүлөнү алып кетиш аялдан» деп тыянак чыгарып алышкан. Ал тургай эркек балдарын таштап, башканын үстүнө кирип кетсе да биз анын аялын күнөөлөйбүз. Басып кеткен эркекти эмес, аны кармай албаган аялды... Күлкү келерлик нерсе эмеспи, ээ, замандаш. «Мыкты аял экен, үй-бүлөсүн сактап калды» деп да көп угам. Мурун мен да ошондой аялдарды кыйын экен деп ойлочумун. Азыр мага алар байкуштай сезилет. Баарына көз жумуп, үй-бүлөнү сактап калдың, ошол эле учурда өзүңдү жоготкондурсуң, балким... Аны кандай күч менен сактап калганын бир өзү, бир Кудай билет. Мени ойлонткон нерсе, эмне үчүн биздин кыздар, келиндер, апалар өздөрүнө эркек ташый турган жүктү алып алышкан? Андан да жаманы, эмнеге биздин эркектер ошого макул болуп отуруп калышкан? Билем, көп эркектер менин оюма каршы чыгат. «Тантыраган неме да, аз убакыт башка өлкөдө жүрсө эле кыйын болуп калат. Бул аялдын жүгү эмей эмне?!» дегендер четтен чыгат. Албетте, актанууга акыңар бар :) Кыздар, келиндер, апалар, бүгүнкү күндүн жүгү оор. Кайышып, майышып көтөрүп келе жатасыңар. Айтарым, ошол жүктү жалгыз көтөргөнгө милдеттүү эмессиңер. Силер корголо турган, аярлана турган, аяй турган затсыңар! Тарбия муундан-муунга өтөт эмеспи, биз кыздарыбызга болгон тарбияны, талапты өзгөртүшүбүз керектир. Балким, биз ошондо аялы, баласы корголо турган коомго келербиз...