Mom.life
Асу
asu87
Асу·Мама четверых детей, беременна

Не происходит ли что-то странное? Вопросы и размышления героя

Атам эмнеге күйөөм экөөбүздү күтпөй кетип калганын билип ыйладым
Үйгө келсек балам жалгыз отуруптур.

– Таятаң кайда?

– Жаңы эле таксиге жеткирип келдим.

Жүктөрүн көтөрүшүп.

– Эмне дейсиң?

– Таятам айылына кетем деди. Мени

жардашып кой деди.

– Атама чалчы?

Күйөөм телефонун издеп калды. Эч нерсе

болбой туруп, кечээ эле келген атам эмнеге

кетип калат? Бир жума жүрүп, доктуруна

көрүнөм дебеди беле. Туура эмес сүйлөп

койдукпу? Атамы таарынтып алдыкпы?

– Алло! Ата, сизби?

Оoба, кызым, мен, жаңы эле аиылга

кирдим.

– Жөө басып баратасызбы?

– Жайытты аралап барайын дедим. Ойлор

көп кызым.

– Ата, эмнеге кетип калдыңыз? Эмнеге

айтпай кетесиз? Мен туура эмес бир нерсе

кылдымбы ата?

– Жок кызым, сен эмес мен туура эмес нерсе

кылыпмын. Өз колум менен жасаган

кылмышты карап отуруу оор болду.

– Сизди түшүнбөй турам.

– Кечээ жумуштан келдиң. Колуңда толтура

эки пакет. Балаң туруп барып

жардамдашкан жок. Сен дагы суранган

жоксуң. Жумуштан келип эле кир жууп, бизге

тамак жасап баштадың. Күйөөң келди. Ал

тамак даярбы сурады дагы, менин жаныма

телевизор көргөнү отурду. Сен ары-бери

чуркап, кириңди жууп, балаңдын

тапшырмасына жардам берип, ал арада

күйөөңө сураган алмасын алып келип берип,

кайра мага чай демдеп берип, кайра

шорпоңо картошка аарчып, чуркап жүрдүң.

Бул арада күйөөң дагы, балаң дагы сага

жардамдашпады. Сен дагы суранбадың.

Баары ушундай болушу керек деген

маанайда жүрдүң. Анткени, кичинеңде

ушундай көрүнүштү көргөнсүң. Ооба, бул

жерде мен күнөөлүмүн. Апаңа жардам

берип, үй-бүлө деген кандай болушу

керектигин көрсөтпөдүм. Кудум апаңдай бүт

жүктү өз мойнуңа көтөрүп бой жеттиң.

Менин апаңа жардам берип жатканымды

көрбөдүң. Анан бул нерсени норма катары

кабыл алдың, кызым. Ал эми күйөөңө дагы

ата-энеси аялына жардам берүү керек

экенин көргөзбөптүр. Мени кечир кызым,

апаң азыр үйдө жалгыз калган. Ага барып

жардам берейин. Катамды оңдоюн. Силер

болсо балаңарга туура үлгү көрсөткүлө. Сөз

менен айтпагыла, көрсөткүлө. Кичинекей

кызымды, сени секетим жөн карап отура

албадым. Анткени сенин жүрүм-турумуң

менин катам эле. Кетип калдым. Балким,

кийин барганда баары башкача болот.

Кызым, үй иштери бөлүнбөйт. Аны баары

жасайт. Атаңды кечир кызым.

Телефон “громкосто” эле. Күйөөм баарын

угуп турду. Мен ыйлап отурдум. Балам

чуркап келип карап туруп калды. Күйөөм

“тур картошка аарчы, кечкиге тамак

бышырайын” деди. Мен телефонду

кучактаган боюнча отурдум.

Интернеттен алынды.
24.04.2022
1

Лучший комментарий

Комментарии

sunshine914
Sunshine914·Мама четверых детей
Аябай туура жазылыптыр.
24.04.2022 Нравится Ответить
Читайте также