Кыргыздын аялдары омур бою озубуздон озубуз аянып (экономить)этип эле отот экенбиз.
Куйоого тийгендеп баштап куйообузду байытып,байдын катыны болгубуз келет экен.Майрамга гул которуп келсе:
-Канча акчага сатып алдын?Ооиий ал акчага жаны чыккан пиала чайнек,же болбосо эт бир жумага жетерлик сатып алсан болмок-дейт экенбиз.
-Балалуу болгондо,кичинекей кездеринде,уйдо эле отурам,жумушка барбасам,кочого чыкпасам деп аянат экенбиз.Балдарым витамин жесин деп,койнок кийбей,эски ботинкабызды судуроп,жетпеген акчаны нары тартып,бери тартып жеткирип озубуздун коп керектуу нерселерибизге коз жумат экенбиз.
Балдар мектепке барганда андан отуп,кысынып,андан отуп аяна баштайт экенбиз.Элдин балдарындай сумка которсун деп 2жыл кийген пальтобузду 5жыл кийип,тугонуп бараткан помадабызды чукулап суйкоп оозубузга,мандарин жегибиз келсе,алма жеп туралы балдар менен,ал акчага балам кошумча сабакка барсын деп тырышып,кысынып,айран,сут,каймакты деле кенири жебей сатып,студент окутат экенбиз контракт толоп.Мен кийбесем кызым кийсин,балам жесин,элден кем болбосун,ачка болбосун дейт экенбиз.
1кг этти 7ге болуп,бир жумага жеткирип,чачыбызды арзан жерге кырктырып,маникюр,педикюрду уйдо жасап,Кошумча жумушка чыгып,балдарым тушто бир нерсе жегени акча болсун деп тырышат экенбиз.
-Гулдун ордуна торт,сок алып кел,балдарга момо чомо алып кел-деп ,жолдошторубузду деле озубуз аяп,жаман уйротуп,анан эркектер андай,эркектер мындай дейт экенбиз.
Балдар бойго жетсе той кылам,калын берем келинге,кийит кийгизем кудага,сеп жасайын кызыма деп дагы кысынып,озубуздон аяп тирилик кылат экенбиз.Элден кем болбойлу деп уй ондоп,уй тургузуп кантип чачыбыздын агарганын билбей калат экенбиз.
Чоноюп иштеп калган балдарыбыз алтындан сойко шакек,телефон,шуба кийгизсе суйунуп,козубузго жаш алганыбыз менен,кыйналып турган балабызды ойлоп журогубуз ооруп турат экен.Сатып салып,ошого аз маз болсо да жардам бересек,кийбесем,такпасам мейли,ушул элдин алдында кем болбосун дейт экенбиз.
Антип минтип,мына эми баарын уйлодум,жайладым деп,тордо нават салып чайды чайпап ичип баштаганда.....неберелерге бергин келип,балдарындан да ширин корунуп,корсотуп берип,корсотпой берип,жеп аткан тамагынын жарымын берип,бекиткен акчанан берип....дагы эле озунон аяна берет экенсин....
Урматтуу аялдар,майрам кундору озунордон аянбагылачы!!!Койнок,туфли,сумка сатып алыныздар!!!Каалаган тамагыныздарды оюнуздарда японский,италянский кухнянын тамагын жегиниздер келсе аянбастан барыныздар.Салонго барып,чачынвздарды жасатып,майрамдык макияжды кылып,бир кунду озунуздорго арнаныздар!!!Бул кор тирилик эч качан бутпойт,аянбай жашаныздар!!!
Автору Мен.....