Mom.life
Жылдыз
saavatai
Жылдыз
Салам. Уулумда эми бешинчи тиши көрүндү. Чачы капталдарында жана артында жок эсе төбөсүндө көп ежик сымал. Тырмактары сына берет себеп ар жерди эле тырмалай берет. Деерлик баары нерсени жей берет берсек. Байкашымча тиш чыгарда табити жоголуп окшуп калат жегенде. Сүйлөй элек өз тилинде обон салып ырдап калат. Азанды окшобосо да туурап калат. Бирин серин адамга эле чоочуркайт көпчүлүкө күлөт. Акыркы маалда түнкүсүн памперске сийбей күндүзү менен шымына сийгектейт😊. Түнкү 23-24 саатта уктап эрте менен 8-9 турат, күндүзү эки маал уктайт бир сааттан. Менин мурдумду аарчып калат. Тиштеп далай эле көгөрттү😊. Мультике караганда клипп көп көрөт. Топ и машина жакшы көрөт. Азырынча столдорду дубалды кармап басат. Башы менен жок дегенди үйрөнгөн. Ноодбукту мен билбегендей настройкалап таштайт интернеттен изденип кайра калыбына келтирем мени мастер кылат го дейм😁. Сүйүктүү клипптери
ЛАДОШКИ (Дарина Чумак)
МАЛЯВКА (Милана)
ЖҮРӨГҮМ БҮГҮН ДҮКҮДҮК (Бек и Малика)
15.04.2019

Лучший комментарий

Комментариев ещё никто не написал.

Читайте также