

БАЛАЛЫКТЫ САГЫНАМ.
Жүрчү курбум балалыкка кетеличи,
Гүлүн терип, суусун кечип келеличи.
Үшүсөк да оюнуна эч тойбогон,
Жылгаякты жыгылганча тебеличи.
Жүрчү курбум балалыкка баралычы,
Курсак ачпас колго нандан алалычы.
Суусаганда жата калып ичип алган,
Аккан сууга башыбызды салалычы.
Жүрчү курбум балалыкка кайрылалы,
Урушалы, талашалы, жарашалы.
Жазалап апакебиз урушса да,
Таарынбайлы такыр ага кайгырбайлы.
Жүрчү курбум балалыкты көрөлүчү,
Сагындым мен сууга түшкөн көлмөбүздү .
Ачмайынча үйгө такыр кирбейт элек,
Такылдатып таш тизилген бөлмөбүздү.
Жүрчү курбум балалыкка баш багалы,
Сагындыңбы балдар жазган катты дагы.
Андай катты окуганча жулуп кетээр,
Бар эле го классыбыздын шок балдары.
Келчи курбум балалыкты буралы,
Каткыралы, катуу сайраң куралы.
Кыз болсок да тартып алып минчү элек,
Балдар минчү, жип байланган куурайларды.
Келчи курбум балалыкка чуркайлы,
Талкан чалган айранынан ууртайлы.
Татынакай топчу тигип жасап алган,
Биз ойногон чийден болчу куурчагы.
Келчи курбум балалыкка өтөлүчү,
Эстей берем чаң га толгон көчөлөрдү.
Чачып алып ХАН талашып ойночу элек,
Чоң баштыкка чогултулган чүкөлөрдү.
Болчу курбум балалыкка басалычы,
Селкинчегин бакка байлап асалычы.
Серпилтип секиртмегин биз ойнойлу,
Кызыл, жашыл түстү издеп качалычы.
Басчы курбум сайга түшүп баралычы,
Тоголок топ таш терип алалычы.
Тизилип кыздар менен тура калып,
Топ ыргытып ортонкусун чабалычы.
Эх курбум оюндардын түрү болгон,
Түндө чыгып, ак чөлмөгүн биз ойногон.
Ак теректен атын атап чакырганда,
Чуркасак да, колдор болгон, үзбөй койгон.
Билесинби, АСЕЛ деген оюн болгон,
Аны ойноп аппак тамды булгап койгом.
Эстейсиңби секирип ойноор элек,
Бөлүктөргө таш ыргытып, казанпагын чийип койгон.
Жонго чыгып жоолук таштап ойночубуз,
Жомок айтып түркүн түрүн койбочубуз.
Беш дегенче шашылып жашынчу элек,
Бак да болгон, таш да болгон жашынганда далдоологон.
Алаканга алтын шакек салчу элек,
Олтуруп, кыдыракей алчу элек.
Кулактарга шыбырап сырдуу сөздү,
Бузук телефон атап аны алчу элек.
Көрсө курбум өткөн экен балалык,
Көп жыл өтүп, балалыкты самадык.
Канчалык жалынсак да кайрылбайт го,
Бала кезди балабыздан табалык.
Мына курбум өткөн экен тазалык,
Санаасы жок жыргал тура балалык.
Сагынсак да кайрылып келбейт эми,
Кырга чыгып кол булгалап калалык.
КОШ БАЛАЛЫК, БАЛАЛЫК!

Я не смогла пройти Мимо!👻скажу кратко и ясно!Невоспитанная Дура Полная!Ты тоже будешь бабушкой посмотрим как ты будешь вонять!!!Полное не уважение к старшим!!!!Упаси Боже от такой келинки!!!!!Я в шоке!😲😠Просто Пи×××ц!Это жизнь БУМЕРАНГ!
Тал дагы Убагында Чырпык болгон ошол сасыган кемпир деп жатас ал да Убагында суйкайган сулуу Кыз болгон!кийин Созулган келин болгон эми каарылкка мойун сунду!Биз Адамбыз кантип олобуз кантип каарыйбыз билбейбиз! Минтип кече еле тоодон тушуп алып бир эки орусча ...
Девочки лень было читать. Но так как просто сидела,решилась прочесть. Как вы думаете?я согласна....
Эс тарткандан баштап эле «аял жакшы – эр жакшы», «жакшы аял жаман эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылат» деген апамдын насааты менен чоңойдум. Менин курагымдагы же менден улуу, же кичүү баары эле ушундай тарбияда чоңойсо керек. Акыркы кездерде мен бул макалдарга кыжырым келе баштады. Эмнеден улам экенин азыр икаямдан улам түшүнөсүз. Жашоо шартка байланыштуу Түркияда жашап кал...

Саламатсыздарбы? кызым 4айлык. Педиатр аевадетрим д3 бер деди. 4кундон бери берип жатам ошондон бери ыйлап уктабай беспокойный болуп жатат. Буга чейин мынтчи эмес прям эрип ыйлап жатат.Сиздердин балдарда мындай болгон эмесби? Же ушл вит бербей эле койсомбу озу жоош болчу жата эле берчу.
Кыздар ..мен азыр эле уктап турдум ,😁 тушумдо алтын цепочка таап алыптырмын анан аны сразу чонтогум салып алдым анан бир бомж коркуп калып ал меники деп менен талашып жатыптыр ,мен болсо мен таап алдым бас алтынбы же алтын эмес экенин текшертебиз деп жатыптырмын алтын болсо мен алам ,алтын эмес болсо сага берем десем эле таш которуп алып мени кубалап жатыптыр..мен кызым экообуз экенбиз. Руслан ( менин куйом )деп кыйкырып эле тиги бомждан качып жатыптырмын ... Туш жооруп бериниздер эми 🥹😅😅😅