сырту
surty2013
сырту·Мама двоих (8 лет, 15 лет)

Кыздар жаны закон боюнча суйунчу акча жана пособие алабызбы?

Салам! Кыздар жаны закон боюнча суйунчу акча жана пособие алабызбы же алар 2018- жылы торолгондор алабы? Ким билет?

06.12.2017

Комментарии

a_a_b
а_b_a·Мама двоих (7 лет, 9 лет)

Мыйзам 2018-жылдын биринчи январынан тарта күчүнө кирмекчи

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik.

Балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон.

Мыйзам качан күчүнө кирип, кимге кандай жөлөк пул берилет деген суроолордун тегерегинде Sputnik Кыргызстан агенттигине социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башчысы Жыпара Рысбекова кененирээк жооп берди.

Сүйүнчү жана жөлөк пулдар качан бериле баштайт?

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдары жөнүндө" мыйзам долбоору 2018-жылдын биринчи январынан тарта күчүнө кирет.

- Сүйүнчү жана жөлөк пулдун айырмасы. Кимдерге канча сомдон акча чыгат?

- Балдарга берилчү акча өлкө казынасынан каржыланат. Мыйзам долбоордун демилгечилери бул төлөмдөрдүн болжолдуу суммасын төмөнкүчө бекитишкен:

"Балага сүйүнчү" – ымыркай төрөлгөндө бир ирет берилчү акча — 4 миң сом;"Балага жөлөк" — үч жашка чейинки ар бир баланы багууга каралган ай сайын берилчү жөлөк пул – 700 сом;"Үй-бүлөгө көмөк" — 3төн 16 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага ай сайын берилчү жөлөк пул – 500 сом.

- Акча ымыркайдын баарына эле бирдей берилеби?

- Жаңы төрөлгөн бардык балдарга ата-энесининин турмуш шартына карабастан бирдей акча — 4000 сом берилет. Ал эми жөлөк пулдун көлөмү ымыркай үч жашка чыкканга чейин айына 700 сомдон кем да, ашык да болбойт. Бул акча ата-эненин иштеп же үйдө отурганына карабастан берилет. Бирок балдар үйлөрүнө өткөрүп берилген наристе жөлөк пул да, сүйүнчү акча да ала албайт.

- Шаар менен айылдагыларга акча кандай чыгат?

- Алыскы аймакта болобу, тоолуу жерлерде же шаарда жашайбы, айтор, жашаган аймагына карабай жаңы төрөлгөн ымыркайдын баарына тең бирдей акча чыгат.

- Кандай документтер керек?

- Ата-энесинин паспорту (ажырашкан үй-бүлөдө баланы ким багып жатса ошонун паспорту талап кылынат);

Баланын күбөлүгү;Жашаган жеринен справка.

Эгер баккан бала болсо мыйзамдуу түрдө багып алууга уруксат берген соттун чечими керек.

- Сүйүнчү, жөлөк пулду 2018-жылы төрөлгөн балдар гана алабы?

- Сүйүнчү пулду 2018-жылдын 1-январынан баштап төрөлгөн балдар гана алат. Ал эми үч жашка чейин төлөнө турган жөлөк пулду баласы үчкө чыга электер да ала алат. Болгону 1-январдан тарта тийиштүү документтерди социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө, айыл өкмөттөрүнө өткөрүп коюш керек. Мисалы, эгер балаңыз эки жашта болсо, документтерди тапшыргандан кийин бир жыл бою ай сайын 700 сомдон жөлөк пул алып тура аласыз.

Ал эми "үй-бүлөгө көмөк" үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир үчүнчү балага берилет. Мындан улам алар да келерки жылдын январь айында тийиштүү документтерин дароо тапшырса, бир айдан соң 500 сомдон акча чыгып турмакчы. Мисалы, алты балалуу үй-бүлө болсо, айына 1000 сом алат.

06.12.2017 Нравится Ответить
lipusik87
Aйка·Мама двоих (8 лет, 13 лет)

@jyldyz29 спасибки

06.12.2017 Нравится Ответить
jyldyz29
Jyldyz29·Мама двоих (7 лет, 8 лет)

@lipusik87 Паспорта родителей, свидетельство о рождении ребенка,справку с места жительства, свидетельство о браке...вроде всё.

06.12.2017 Нравится Ответить
lipusik87
Aйка·Мама двоих (8 лет, 13 лет)

А кто знает какие справки надо собирать

06.12.2017 Нравится Ответить
aekb
aekb·Мама четверых детей

@emasya спасибо большое☺

06.12.2017 Нравится Ответить
kakei
Айка·Мама троих детей

@shirinaidar написано ж так. Пособие по уходу за ребёнком в размере 700 сом до 3х лет

06.12.2017 Нравится Ответить
aekb
aekb·Мама четверых детей

@emasya хочу уточнить,получается я за 6месячного сына могу получать 700с в мечяц независимо от достатка нашей семьи?

06.12.2017 Нравится Ответить
surty2013
сырту·Мама двоих (8 лет, 15 лет)

@aliya5500 @emasya. Спасибо

06.12.2017 Нравится Ответить
kakei
Айка·Мама троих детей

Рожденные с 1 января 2018 суйунчу. И не зависимо в каком году родились до 3 лет по 700 сом за ребёнка. Свыше 3х несовершеннолетних детей по 1500 до 16 лет.

06.12.2017 Нравится Ответить
aliya5500
Алия Рысбаева·Мама троих детей

Детям до 3 лет по 700 сом кажется ..

06.12.2017 Нравится Ответить