Мамлайф
Мамлайф
Приложение для мам
Алина
Алина
Мама дочки-младенца

*🔴 ИМАМ БУХАРИНИН КЕМЕДЕ БОЛГОН ОКУЯСЫ*

post image

*🔴 ИМАМ БУХАРИНИН КЕМЕДЕ БОЛГОН ОКУЯСЫ*

_✍🏼Абдыманап уулу Курсант_

Белгилүү аалымдардын бири Ажлауни имам Бухаринин такыбалыгы жөнүндө жана анын жалган жалаага кабылуудан алыс болгондугу тууралуу окуяны мындайча баяндайт:

– Имам Бухари илим алып жүргөн кезде бир күнү кемеге түшүп сапар кылат. Анын жанында миң динары (болжолу ≈4кг 250гр алтынга же 8 миллион сомго барабар) бар эле. Кемедеги бир адам имам Бухариге өзгөчө жакындап, аны менен достошууга аракет кылат. Ошентип отуруп, арадан көп өтпөй эле экөө жакын достордон болуп калат. Анын ушунчалык ынактыгынан жана кылган жакшы мамилесинен улам имам Бухари да ага жакшы мамиле кылып, аны жакын досундай көрүп калат.

Күндөрдүн биринде имам Бухари ал досу менен сүйлөшүп отуруп, сөз арасында өзүндө миң динары бар экенин айтып койот. Бир күнү эле баягы жанынан чыкпаган досу эртең менен туруп, өзүн-өзү бети-башка чапкылап, кийимин тытып, өкүрүп-бакырып ыйлап баштайт. Аны көргөн адамдар ага келип:

– Сага эмне болду? – деп таң кала сурашат.

– Капчыгым жана андагы миң динарым жоголду, – деп чуу салат.

Ошондо адамдар кемедеги ар бир адамды жекече текшере башташат. Ошол маалда имам Бухари миң динарын жашыруун алып чыгып деңизге ыргытып жиберет. Алар имам Бухариге да жетишет, аны да текшеришет. Ошентип бардык адамдарды текшерип бүтүшөт, бирок эч нерсе табышпайт. Кайра алар кайтып баягы кишиге келишип, аны аябай жемелешип, катуу урушушат. Кемеден элдер түшкөндөн кийин баягы киши имам Бухариге келип:

– Миң динарды эмне кылдың? – деп сурайт. Ошондо имам Бухари:

– Деңизге ыргытып жибердим,– деп жооп берет. Ал киши:

– Ошончо көп акчаны ыргытууга кантип колуң барды?! – деп таң кала сураганда имам Бухари ага:

– Эй акмак, а сен билбейсиңби? Мен өмүрүмдүн баарын Пайгамбарыбыздын хадистерин топтоого жумшадым, адамдардын баарысы менин чынчыл жана ишеничтүү экенимди билишти. Анан мен ушундай даражага жеткенден кийин, болбогон бир саналуу акчанын айынан ак жерден жалган жалаага кабылып, ууру деген атка калмак белем?! Анан дагы өмүрүмдүн баарын курбандык кылып жеткен, эч бир нерсе тең келгис, асыл таштан да артык болгон ишеничтүү жана чынчыл деген сыпатты эч качан эч нерсеге алмаштырбайм!

*▁▁▁▁▁▁▁▁▁

Кайненем менен баламдын ортосундагы маселелер кандай чечилет?

Салам кыздар 💐 силер менен Бир койгойлуу нерсемди болушойун Деп чечтим, Бир балам бар, бойумда бар , кундузу эч нерсеге жетишпейм, кайненем болсо бала уктаганда кыл дейт 😒 чарчайм куну кечке, тамак кылам , балам менен журом , кайненем такыр тушунбойт, куйоом дагы, экоо биригип алып мени жеп койушат , бири бирине болушуп , мен балам менен Анан дагы Уй жумуштары, анысы аз келгенсип туну дагы кыл дейт , туну ким уборка кылат ??? Кайнатам уйду чача берет , баш аягы жок кылып , 3 кайним бар , алар чечип эле ыргыта беришет , тажатып бутушту, кайненем ОЗУ 2чи куйоосу , биринчи куйоосунон эмнеге кеткени белгилуу , ОЗУ эч Бир куйоосун адам катары корбойт , озу дагы урушчаак, жаман тажадым😢😢😢

Кыздар ..мен азыр эле уктап турдум ,😁 тушумдо алтын цепочка таап алыптырмын анан аны сразу чонтогум салып алдым анан бир…

Кыздар ..мен азыр эле уктап турдум ,😁 тушумдо алтын цепочка таап алыптырмын анан аны сразу чонтогум салып алдым анан бир бомж коркуп калып ал меники деп менен талашып жатыптыр ,мен болсо мен таап алдым бас алтынбы же алтын эмес экенин текшертебиз деп жатыптырмын алтын болсо мен алам ,алтын эмес болсо сага берем десем эле таш которуп алып мени кубалап жатыптыр..мен кызым экообуз экенбиз. Руслан ( менин куйом )деп кыйкырып эле тиги бомждан качып жатыптырмын ... Туш жооруп бериниздер эми 🥹😅😅😅