Ар бир баланын келечеги үчүн маанилүү адептердин бири – бул башкаларга салам берүү адеби. Мусулман адам өз баласын эс тарткандан баштап үйрөткөн амалдарынын бири да ушул. Эгер бала муну билбесе, баланчанын баласы тарбия көрбөптүр деп биринчи кезекте ата-энеге сөз тиет. Анткени саламдашуу – бул адептүүлүктүн башаты. Адамдын адептүүлүгүн биринчи эле саламынан байкоого болот. Элибизде: “Саламы жоктун адеби жок”, “Салам түзөлмөйүн коом түзөлбөйт” деген сөздөр мурдатан бекеринен айтылбаса керек. Андыктан ар бир ата-эне бул ишке кош көңүл карабай, баланы жаштайынан башкалар менен саламдашып көрүшүүнү үйрөтүүсү зарыл. Ан үчүн ата-энелер саламга байланыштуу төмөндөгү өкүмдөрдү өздөрү үйрөнүшүп, ошону менен бирге аны иш жүзүнө ашырып, балдарына дагы үйрөтүүлөрү зарыл.
*САЛАМ БЕРҮҮ АДЕПТЕРИ*
Салам берүү амалды Аллах Таала Адам атаны жараткандан кийин ага үйрөткөн эң алгачкы адептерден. Кудуреттүү Аллах Таала асман-жерди жана андагы нерселердин баарын жараткандан кийин Адам атаны жаратып, ага салам берүүнү үйрөттү. Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, бул туурасында мындай деп айткан:
*“Аллах Таала Адамды жаратып, ага жан салгандан кийин “Тээ тигил жерде отурган периштелерге барып салам бергин жана алардын сага берген жообун жакшылап уккун. Анткени бул сен үчүн жана сенин урпагың үчүн салам берүү болот” – деп айткан. Адам, периштелерге барып: “Ассаламу алейкум” деп айтты. Периштелер ага: “Ассаламу алейка уа рахматуллах” – деп анын салам сөздөрүнө “уа рахматуллах” – деп кошту”.* _(Бухари, Муслим)_
Демек, биздин бала кезибизден салам берип учурашуубуздун тарыхы тээ Адам атадан башталганын ушул хадистен билсек болот. Ал эми “Ассаламу алейкум” деген сөздүн мааниси “Силерге Аллахтын тынчтыгы, амандыгы болсун” деген маанини билдирет. Мына ушинтип мусулмандар бири-бири менен учурашуусу бир жагынан амандашуу болсо, экинчи жагынан дуба болуп эсептелет.
Жалпысынан, салам берүү динибизде сүннөт амалдардан. Ал эми ага алик алуунун өкүмү важип. Саламга алик албаган адам күнөөкөр болот. Бул өкүмдү биз төмөндөгү аяттан билебиз. Аллах Таала ыйык Куранда мындай дейт:
*“Качан силерге салам берилсе, андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып алик алгыла. Аллах бардык нерсени Эсептөөчү”.* _(Ниса сүрөөсү, 86-аят)_
Аалымдар бул аятты негизге алып, кээ бир өкүмдөрдү чыгарышкан. Саламга аятта талап кылынгандай туура алик алуу зарыл. Мисалы, бир адам “Ассаламу алейкум” деп салам берсе, экинчиси: “Саламатсызбы”, же “Кутман таң”, деп алик алса, жооп аятта талап кылынгандай канаттандыраарлык болбойт. Себеби бул жооп салам сөзүнөн артык эмес жана дал өзүндөй да болбойт калат.
Дагы мисал, бир адам: “Ассаламу алейкум”, десе экинчиси: “уа алейкум” деп алик алса, бул да ката болуп эсептелинет. Себеби, бул жооп салам сөзүнөн көлөмү жагынан аз болуп калат. Туурасы, “Алейкум ассалам” деп өзүндөй кылып жооп берүү керек. Же “уа Алейкум ассалам уа рахматуллах” деп андан да жакшыраак кылып жооп берүү керек.
Ушул сыяктуу дагы бир мисал келтире турган болсок, бир адам үнүн бийик көтөрүп, жылмайып, жылуу салам берсе, салам берилген адам көңүлсүз, угулар-угулбас, кабагын салып жооп бербеши керек. Анткени аяттын негизинде, салам берген адамга дал өзүндөй кылып жооп берүү керек, же андан да жакшыраак кылып алик алуу зарыл.
Жогорудагы Аллах Тааланын *“Андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып кайтаргыла”* деген сөзүнүн ичинде ушундай маанилер да камтылган.
Учурашканда кол алышып учурашуу дагы сүннөт иштерден. Себеби, сахабалар ушундай кылышкан. Анас ибну Маликтен: *“Пайгамбарыбыздын сахабалары кол алышып учурашат беле?”* – деп суганда ал: *“Ооба”* – деп жооп берген. _(Бухари)_
Учурашуу оң кол менен болуусу керек. Ал эми эки мусулман кол алышып учурашкан кезде алардын кылган күнөөлөрү да кечирилери хадисте айтылат. Буга Хузайфа, радыяллаху анхудан, келген хадис далил болот. Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *“Эгерде бир мусулман башка мусулман адам менен жолугуп, ага салам берип кол алышып учурашса, анда дарактын жалбырагы күбүлүп түшкөндөй ал экөнүн күнөөлөрү да күбүлүп түшөт”.* _(Табарани)_
А эгер адамдар топтолгон жерге барса, же көп адамдарга жолукса, анда кол алышпастан жөн гана саламды жалпы узатып койсо да болот.
*Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Атчан жөө жүргөн адамга, басып бараткан отурган адамга, аз адам көп адамдарга салам берет.* _(Бухари, Муслим)_
Дагы бир хадисте: *“Жаштар жашы улууларга салам берет”* – деп айтылган. _(Бухари)_
Бирок улуулар жаштар салам бергенче күтүп отурушу керек, же болбосо көп адамдар аз адамдардын саламын күтүүлөрү керек деген сөз эмес. Кайсы бири салам узатууну унутуп кетсе, экинчи тарап дароо салам берүүсү керек. Негизи кайсыл тарап болбосун, биринчилерден болуп салам берүүгө умтулуусу зарыл. Себеби Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан: *“Аллахка эң жакын адам – биринчилерден болуп салам берген адам”* – деген. _(Абу Дауд)_
Алыстан өткөн кезде, үнү угулбаса да салам айтып, колу менен ишарат кылса да болот. Хадисте: *“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мечиттин жанынан өтүп баратканда бир топ аялдар чогулуп отурган эле. Ошондо Пайгамбарыбыз аларга салам жолдоп, колу менен ишарат кылды”* – деп келген. _(Абу Дауд)_
Имам Навави бул хадиске түшүндүрмө берип: “Аллахтын Элчиси, үнүн угулар-угулбас кылып чыгарып, колу менен да ишарат кылган”,-деген. Аалымдар ушул хадистин негизинде, унаа минген адам башка бир адам менен учурашуу мааниде сигнал басып койуусу саламга кирбейт экендигин айтышат. Унаада болсо да колу менен ишарат жасап, оозу менен салам айтуусу керек. Ал эми эгер сигнал басып, адамды өзүнө каратып алып, кийин колу менен ишарат жасап, оозу менен салам айтса, анда бул уруксат.
Көп адамдар чогулган жерге же илим мажилисине келген адам абалга карап салам айтат. Эгерде анын салам берүүсү башкаларга кандайдыр бир кедерги жарата турган болсо, анда тынч келип, салам бербестен алардын сабына кошулат. А эгер анын саламы жыйынга зыяны тийбей тургандай абал болсо, ар ким менен жеке-жеке учурашып отурбастан жалпы түрдө: “Ассаламу алейкум” – деп учурашып, жыйынга кошулат.
Эгерде адам башка бирөөнүн салам жолдогонун айтып: “баланча сизге салам жолдоду” – деп айтса, уккан адам: “Уа алейка уа алейхи салам” же “уа алейка уа алейхим салам” – деп айтышы керек. Мааниси: “Сага да аларга да салам болсун”, деген сөз. Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, Айша энебизге: *“Жебреил сага салам жолдоп жатат”,* деп айтканда Айша: *“Уа алейхи салам уа рахматуллахи уа баракатух”*,-деп жооп берген. _(Бухари, Муслим)_
Арапчасын айта алган адам ушундай айтканы абзел. Ал эми арабчасын айта албаган адам: “Саламат болсун” деп айткандан көрө “Сага да, ага да салам болсун” – деп саламды жеткизүүчүгө да, салам жолдоочуга да жооп кайтарганы абзел.
Эки адам жолукканда да, коштошкондо да “Ассаламу алейкум” деп айтканы дурус. Себеби Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бир хадисинде: *“Эгерде араңардан бирөө бир жыйынга кошула турган болсо, салам берсин. А эгер ал жыйындан турууну кааласа, анда да салам берсин”* – деген. _(Абу Дауд, Тирмизи)_
Үйгө кирип жаткан адам үйүнө салам берип кирет. Себеби Аллах Таала Куранда: “Эгер үйлөргө кирсеңер, анда салам берип киргиле” – деп, үйгө салам берип кирүүнү буйруган.
Жаш балдарга салам берүү да сүннөт амалдарга кирет. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ойноп жүргөн жаш балдарга салам берет эле. Жаш балага салам берүүнүн пайдаларына токтоло турган болсок, бул биринчиден сүннөт иштерден. Экинчиден, улуулардын көкүрөгүндөгү текеберлик сезимин жоюп, кичипейилдик менен жөнөкөйлүккө үйрөтөт. Үчүнчүдөн, жаш баланын улууларга деген урмат-сыйды арттырып, балдарды эрте жаштан саламдашууга үйрөтөт.
Бейтааныш аялдарга салам берүүдө абалга сөзсүз кароо керек. Эгер адам бейтааныш аял менен учурашкан кезде жүрөгүндө жанагы аялга болгон туура эмес сезимдер пайда боло тургандай абал болсо, анда ал аял менен учурашууга тыйуу салынат. А эгер аял жашы улгайып калган, учурашканда эч кандай сезимдерге таасири болбой тургандай абал болсо, анда кол алышпай учурашса болот. Ал эми өзүнүн жубайы, энеси же эже-карындаштары сыяктуу жакындары болсо, аларга салам берүү милдеттүү болот.
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁